Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 00:43

Президент К. Бакиев Коомдук палата түзүү жөнүндө жарлыгын чыгарды


Жарлыкка ылайык, Коомдук палата президенттин, бийлик органдарынын эл менен байланышын чыңдоо, өлкөнүн ички жана тышкы саясатын жүргүзүүдө калктын ой-мүдөөсүн эске алуу жана мамлекеттик бийлик органдарынын үстүнөн коомдук көзөмөл орнотуу максатында түзүлөт. 20-январга чейин Коомдук палатага талапкерлерди көрсөтүү, коомчулуктун ой-сунуштарын чогултуу жүргүзүлүп, талапкерлердин тизмеси президентке бекитүүгө берилиши керек. Коомдук палатага талапкерлерди саясий партиялар, коомдук, ишкер, чыгармачыл, кесиптик жана жаштар уюмдары көрсөтө алышат. (KCh)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG