Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

БУУ Кыргызстанга кыштан чыгууга жардам берүүгө чакырууда


Улуттар уюму кыргыз өкмөтү менен бирдикте Кыргызстанга 20 млн АКШ доллары өлчөмүндө жардам берүү тууралуу чукул чакырык менен чыкты. Мындай өлчөмдөгү каражат энергетикалык таңкыстык жана азык-түлүк кризиси күчөп турган өлкөнү кыштан чыгаруу үчүн жумшалмакчы. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгы кечээ тараткан маалыматта айтылат. Улуттар уюму тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр өлкөдө 1 миллионго чукул адам азык-түлүк жетишсиздигинен жабыркашарын, ал эми анын жарымынан көбү чукул жардамга муктаждыгын көрсөткөн. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкердин билдирүүсү боюнча 20 млн доллар өлкөнү терең кризистен сактап калууга үлүшүн кошот, анын айтуусунда Кыргызстан буга чейин чукул жардам көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен бир да жолу эл аралык коомчулукка кайрылган эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG