Миграция жана жумушка орноштуруу боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалыматка караганда, соодада 14 миң, айыл чарбасында 11,5 миң, өнөр жайда 5 миң 200 жана курулушта 6 миң 600 орун түзүлдү. Булардын ичинен өткөн жылга салыштырмалуу айыл чарбасында пайда болгон орундардын саны 12 пайызга көп болсо, өнөр жайында былтыркыдан 21 пайызга аз болду. Эң аз жумушчу орундары мамлекеттик жана каржы тармагында түзүлдү. (BD)