Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 00:40

ЖК комитети тартип менен этиканы сактоону талап кылууда


Жогорку Кеңештин этика жана регламент комитети КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын демократияны өнүктүрүүгө байкоо салуу боюнча эл аралык институтунун Бишкектеги бөлүмүнүн иш-аракетин текшерүүнү Эсептөө палатасына тапшырды. Андан тышкары институтка көзөмөлдүк кылууну бир комитетке тапшыра турган болду. Буга бөлүм директору Нургүл Керимбекова орун басарлыгына өз уулун кызматка алгандыгы жана парламентке ишке келбегендиги себеп болду. Жогорку Кеңештин бюджетинен маяна алган институттун кызматкерлеринин мындай мамилеси парламенттин аброюн түшүрөт деген депутаттар КМШнын парламенттер аралык ассамблеясына да маалымат жөнөтүү керек деген чечимге келишти. (BD)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG