Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Меккеге кеткен 4 кыргыз жараны каза болду


Кыргызстандын Сауд Арабстандагы Меккеге ажылык сапарга кеткен 4,5 миң жаранынын төртөө кайтыш болду. Алардын бири Ош облусунун 1922-жылы туулган тургуну Абдунаби Саматов Мекке шаарынын жанында болгон автокырсыктан улам көз жумду. Калган үчөө жума намаз маалында каза болушту. Алардын экөө Ош облусунун, бирөө Жалал-Абад облусунун тургуну. Мусулмандардын республикалык муфтияты мындай кабарды “Азаттыкка” тастыктап, маалыматтар дагы такталып жаткандыгын белгилешти.(BD)

XS
SM
MD
LG