Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Б. Акуновдун өлүмүнө байланыштуу сот жараяны бүгүн жыйынтыкталат


Бул туурасында анын уулу Урмат Акунов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, Бектемир Акуновдун туугандары ички иштер министрлигине карата доо арыз менен сотко кайрылышкан. Бүгүн саат төрттө иш Биринчи май райондук сотунда каралат. Эскерте кетсек, Бектемир Акунов былтыр 5-апрелде "Кыргызстандын келечеги үчүн" бирдиктүү фронтун колдоп, оппозициянын 60ка жакын жактоочулары менен катар ачкачылык акциясына катышкан. Кийинчерээк ал үйүнө кайткандан кийин, Нарындагы милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында анын сөөгү табылган. Расмий маалыматтарда ал өзүнүн көйнөгүнө муунуп өлгөнү айтылган. Бирок Бектемир Акуновдун туугандары аны саясий окуялардын курмандыгы болду деп эсептешет. Алардын ою боюнча, Бектемир Акунов киши колдуу болгон же аны өзүн-өзү өлтүрүүго чейин жеткиришкен.(AzK)

XS
SM
MD
LG