Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

“Улуу Биримдиктин” төрагасы билдирүү таратты


“Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык партиянын төрагасы Эмилбек Каптагаев билдирүүсүндө бийлик анын саясий көз карашы жана бийликке карата оппозициячыл маанайы үчүн куугунтукка алып, жалган жалаа менен кылмыш жообуна тарткан жатат деп жарыя кылды. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Анапияев менен капиталдык курулуш башкармасынын башчысы Долубаевге 2003-жылы козголуп, 2004-жылы жабылган кылмыш ишин Башкы прокуратура азыр кайра козгоп, ошол кезде Ысык-Көл облус губернаторунун биринчи орун басары катары күбө жүргөн өзүнө губернатор менен макулдашып алган деген айып тагып, ишин Каракол сотуна өткөрүп берди. Буга өзүнүн саясий аракеттери түздөн-түз себеп болду деген Каптагаев соттор менен укук коргоо органдарын өз кызыкчылыгына пайдаланып, саясий атаандаштарына кысым көрсөтүүнү токтотууну президенттен талап кылды. (BD)

XS
SM
MD
LG