Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Куралдуу күчтөр маселесин Коопсуздук кеңеш карайт


Каржы министри Тажикан Калимбетова бүгүнкү парламенттик угууда Коопсуздук Кеңештин жакын арадагы жыйынында Куралдуу күчтөрдун саны каралат деп билдирди. Анын айтымында, армиянын саны менен сапатын жакшыртуу жана ага жараша каражат бөлүү маселеси талкууланат. Анткени, 2012-жылга чейин кыргыз армиясын атайын даярдыгы бар туруктуу армияга айландыруу аракеттери көрүлүп, анын алгачкы баскычы жаңы жылда аяктайт деген божомол бар. Коргоо министрлигинин түзүмү өзгөртүлүп, терроризм менен мыйзамсыз аракет кылган куралдуу топторго каршы иш алып бара турган армиянын ыкчам күчтөр деген жаңы түрү пайда болот. Министрликтин кызматкерлеринин саны кыскартылып, контрактык жол менен кызмат кылган жоокерлердин саны көбөйтүлөт.(BD)

XS
SM
MD
LG