Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Медреселерди текшерүү жаңы жылга чейин уланат


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, медреселердин ишмердүүлүгүн текшерүү июль айында башталган. Бул аралыкта санитардык талаптарга жооп бербеген, окуу программалары жок, каттоодон өтпөгөн бир катар медреселер жабылды. Мисалы, Ош областында 14 медресенин төртөө жабылып, үчөөнүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. “Учурда Кыргызстанда расмий түрдө 52 медресе, диний багытта билим берген 8 институт, 1 университет каттоодон өткөн. 52 медресе биздин чакан өлкө үчүн эбегейсиз чоң көрсөткүч. Эгер алардын арасында да талапка жооп бербегендери болсо сөзсүз жабылышы керек”,- деп белгиледи Каныбек Осмоналиев.(AzK)

XS
SM
MD
LG