Коомдук кыймыл аталган уюмдун лидери Абдыкайым Кангелдиев «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бириккен оппозициянын 29-ноябрдагы элдик курултайы калктын аларга байлаган акыркы үмүтүн өчүрдү. Өлкө үй-бүлөлүк башкаруунун барымтасында жана коррупциянын туткунунда калган чакта коомдук кыймыл эмдиги жылдын мартын күтүп олтурбай, Азимбек Бекназаров жетектеген революциялык комитеттин аракетин кубаттап, Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүгө мажбурлоо жолун эп көрүүдө. Кыргызстан коммунисттик партиясынын Оштогу биринчи катчысы Махмуджан Юсупов бийликти күчтөп алмаштырууга каршы, бирок республиканы кризиске батырган Бакиев режимин импичмент жарыялоо аркылуу кетирсе болот деп ишенет. (ATo)