Нарын шаарында облустун токой чарба кызматкерлеринин билим деңгээлин аныктаган семинар жыйын болууда. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы токойчусу Баянбек Кадыров токойчулук кызматтарды айыл чарба адистери аткарып калгандыгын, натыйжада өзгөчө өңүттөгү тармакта атайын билимдеги адамдар иштебегендиктен, токой чарбасы арабөк абалда тургандыгын билдирди. Кыргызстандын үч жогорку окуу жайынан жылына орточо 130га жакын жогорку билимдүү токой чарба адистери окуп чыгат. Бирок алардын канчасы бул кесиптерде иштеп жаткандыгы белгисиз. 2003-жылдагы маалымат боюнча Нарын облусунун 106,1 миң гектар аянтын токой ээлейт. (KUs)