Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Бүгүн Ишенбай Кадырбековдун соту болот


Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчисинин үстүнөн жүрүп жаткан сот иши Ленин райондук сотунда болот. 28-ноябрда башталган соттук териштирүүдө Ишенбай Кадырбековго козголгон кылмыш иштеринин бир эпизоду боюнча күбөлөрдү суроо жүргүзүлдү. Кадырбековдун адвокаты Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн бул жараян улантылат.

КР курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен тогуз эпизод боюнча кылмыш иши козголуп, ал 25-апрелден бери камакта.(ZKo)

XS
SM
MD
LG