Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Кытайдан апкелинген ун жегенге жараксыз


Бир катар эл аралык иликтөөлөр ундун курамында меламин заты бар экендигин тастыкташты. Мындай маалыматты “Жашыл Кыргызстан” жаштар уюмунун төрагасы Наргизи Абдылдаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда аталган уюм “Жашылдар” саясий партиясы менен бирдикте ундун тазалыгы боюнча жеке иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. “Натыйжада Кытайдан апкелинген ундун 1 килосунда 0,1 мг меламин заты бар экендиги аныкталды. Муну Болгария менен Германиядагы лабараториялар да тастыктап берген, бирок кыргыз өкмөтү бир катар адамдардын кызыкчылыгы үчүн аны жокко чыгарууда,” дейт Наргиза Абдылдаева.

Адамдын ден-соолугуна кооптуу кабык курт жана меламин заты бар деп шектелген 116 тонна ун 30-сентябрда Кытайдан алынып келинген. Орусиядагы алгачкы текшерүүнүн натыйжасы унда кабык курт жоктугун, бирок башка сегиз зыянкеч табылганын көрсөтүп, бирок мындай унду колдонууга мүмкүн эместигин белгилеген белгилешкен. Кытайдан апкелинген унга байланыштуу талаш маселеге акыркы чекитти жакынкы күндөрү 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев башында турган өкмөттүк комиссия коймокчу. Алар көз карандысыз төрт эл аралык эксперттик уюмдун жыйынтыгынын негизинде чечим чыгарышарын өкмөттүк маалымат кызматы кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG