ЖК, саясий партиялар, коомдук уюмдар, жашыруун көзөмөлдөөчү органдар туруп, алардын үнү президентке жетпей атканда Коомдук палатанын түзүлүп жатканы –авторитардык өлкөдөн тоталитардык башкарууга өтүүнүн белгиси. Мындай пикирин “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Исмаил Исаков “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Ал Коомдук палата оппозициядан бийликти калкалап бере турган бир орган түзүү максатында уюштурулуп жатат, деп эсептейт. Ал эми кечээ отставкага кеткен президенттин кеңешчиси, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын лидерлеринин бири Үсөн Сыдыковго байланыштуу пикирин айткан генерал Исаков Үсөн Сыдыков “Элдик баатыр” деген мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болчу, деп билдирди. Президенттин акыркы кадрдык саясатына токтолгон Исмаил Исаков оппозициянын мүчөлөрүнө кызмат берип, аларды өз тарабына тартуу аракеттери жүрүп жатканы менен, бул мамлекет башчыга өлкөнү оңдоого, коррупцияны ооздуктоого шарт түзүп бере албайт, деп эсептейт. Ошондой эле мурдагы энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековго карата бийлик тарабынан олуттуу чаралар көрүлбөй жатканы да элдин нааразылыгын туудуруп жатат, дейт Исмаил Исаков.(ZKo)