Диний экстремизмге каршы күрөштө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ролун күчөтүүнү караштырган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү Коммунисттик фракция бүгүнкү жыйынында жактырды. Фракциянын жыйынына УКМКнын төрагасынын орун басары Р.Мамасадыков катышты. Бул тууралуу фракция мүчөсү Николай Байло билдирди. Фракция жыйынында ошондой эле Социалдык фонддун келерки жылга бюджети, “Таза суу” программасы талкууга алынды.(AiT)