Бишкек шаарынын бул районуна жазуучунун атын берүү президент К.Бакиевдин жардыгында көрсөтүлгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият жана маалымат министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Мындан сырткары жардыктын долбоорунда баш калаанын ортосунда жайгашкан Эмен багына, Улуттук орус драм театрына жана проспектердин бирине Ч.Айтматовдун атын ыйгаруу сунушу айтылган. Ошондой эле Маданият жана маалымат министрлигине жазуучу жашаган үйдү (Тынчтык проспектиси 305) музей кылуу, Бишкек шаарынын мэриясына Тынчтык проспектиси менен Семетей көчөлөрүнүн кесилишинен атайын музей куруу үчүн жер караштыруу тапшырмасы берилди. (КЕ)