Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

И.Кадырбековдун соту 10-декабрга жылдырылды


Бүгүн Ленин райондук сотунда Ишенбай Кадырбековго байланыштуу сот иши уланып, анда күбөлөр жана адистер суралды. Бүгүнкү суралгандар да Кадырбековго коюлган күнөөлөрдү тастыктаган жок. Сот ишти кароону 10-декабрда улантууну чечти. Ишенбай Кадырбековдун адвокаты Азимбек Бекназаров бул иштин саясий максатта козголгонун айтып, Кадырбековдун тагдыры Ак үй чечимине жараша болорун белгиледи. Архитектура жана мамлекеттик курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Ишенбай Кадырбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып менен Финансы полициясы тарабынан камакка алынган. Ноябрь айынан бери Ленин райондук сотунда анын иши каралууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG