Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Балдардын көбү Аяз Атадан үй-бүлөнү сактап калууну суранышкан


Мындай жыйынтык “Айданек” балдар гезити уюштурган “Аяз Атага кат” сынагында белгилүү болду. Гезиттин төрайымы Токтайым Үмөталиева билдиргендей, редакцияга 20 күн ичинде 5 жаштан 14 жашка чейинки балдардан эки жырым миңден ашуун кат келип түшсө, алардын көбү Ысык-Көл облусунун жаш окурмандарына таандык. Гезиттин редактору Мадина Низамованын айтымында, балдардан келген каттар эки топко бөлүнөт. Биринчи топтогу балдар Аяз Атага өздөрү жасаган иштери жөнүндө айтып берип, куурчак, топ ж.б. белектерди алгылары келген. Экинчилери топтогулар бакубат үй-бүлөдө жашоо, окууга мүмкүнчүлүк алуу тууралуу каалоосун билдиришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG