Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

“Ата Мекен” партиясы Жалал-Абатта курултайдын чечимдерин элге жайылтууда


«Ата Мекен» партиясынын борбордук өкүлү Исабек Алдозов Жалал-Абат облусундагы Акман жана Базар-Коргон айыл тургундарын курултайда козголгон маселелердин маани-мазмуну менен тааныштырды. Ал саясий системаны өзгөртүүгө жаңы концепция иштелип чыгылып, анын талаптарын аткаруу үчүн бийликке мөөнөт берилгенин, талаптар аткарылбаса президентти отставкага кетирүү үчүн саясий иш чара уюштуруу тууралуу резолюция кабыл алынганын түшүндүрдү. Партиянын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев курултайдын чечимдерин элге жайылтуу үчүн жергиликтүү уюм иш-план түзгөнүн билдирди. Ага ылайык жыйындын чечим-талаптары менен партиянын мүчөлөрү жана алар жашаган айыл-кыштак тургундары тааныштырылат. (YA)

XS
SM
MD
LG