Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Нарын шаарынын бийлиги майып балдарга 100 сомдон акча ыроолоду


Нарын облусунда 3886 майып бар, алардын 1808 - айымдар. Быйылкы жылы коомдук уюмдардын кийлигишүүсү менен майып адамдардын 10 баласы жогорку окуу жайларга бюджеттик окууга өтүшкөн. 28 майып адамга курортторго эс алууга жолдомо берилген. Майыптардын күнүндө Нарын шаардык мэрия тарабынан жүздөн ашуун майыптар катышкан жыйын өткөрүлүп, 18 жашка чейинки майыптарга 100 сомдон ыроолонду жана концерт тартууланды. Ошол эле учурда Нарындагы «Майып аялдар» коомдук бирикмеси бийликтин мамилесине нааразы болууда. «Милиционерлердин, башка колунда бар тармактардын күндөрү даңазаланып өткөрүлөт. Эмне үчүн бир жылда бир келген ушул күнү облустук бийлик жок дегенде жылуу сөз айтышпайт. Майыптарды бийлик кароосуз калтырышты», - дейт аталган бирикменин лидери Зулайка Бараканова. Анын (KUs)

XS
SM
MD
LG