6 жашар Хангома алыскы тоолуу айылындагы жападан жалгыз аялдамага келип токтогон автобустарды көргөн сайын үмүттөнүп токтоп калат. Ал үйлөрүнө бир нече айга кайтып келген эмгек мигранттарынын арасында атасы болуп жүрбөсүн деп күтөт.
- Атам Россияда жүрөт. Аны эки жылдан бери көрөлекмин. Ал мага көйнөк, туфли алып келет.
Күйөөсү алгачкы жолу иш издеп кеткенде, кош бойлуу Мавжигүл айлына кайтып барган. Атасын биринчи жолу 4 жашында көргөн Хангома ага көпкө чейин көнбөй жүрдү. Азыр болсо атасын аябай сагынып жүрөт.
Мындай үй-бүлөлөр Мавжигүлдүн айлында, бүтүндөй Тажикстанда көп жолугат.
Жумушсуздук, төмөн маяналардын айынан 1 миллионго жакын эркек жана миңдеген аялдар Россиянын курулуш, завод, базарларында иштеп жүрүшөт.
Эмгек мигранттары үйлөрүнө адатта жылына бир жолу келишет. Кээ бирлери болсо биротоло орус жергесинде калышат. Жаз, жай айларында айылыбызда бир да жаш же орто жаштагы эркекти көрө албайсыздар, - дейт Мавжигүл.
Абышка, кемпирлер болсо жалаң аялдар менен балдарга толгон айыл-кыштактар согуш учурун эске салаарын айтышат. Аялдар балдарды өздөрү тарбиялап, карыган ата-энелерин багып, үйлөрүн сырдап, оңдоп, түшүм жыйнап, отун жарып эркектердин бардык жумушун аткарышат.
Душанбедеги “Шарк” изилдөө борборунда иштеген социолог Музаффар Олимов бүтүндөй муун атасыз өсүп келтаканын айтат. Мектептерде да эркек мугалимдер өтө аз калган. Анын кесепеттерин жылдардан кийин сезебиз, - деп эскертет Олимов.
Кыйынчылыктарга карабай Мавжигүл өзүн бактылуу деп санайт. Көптөгөн кыз- келиндер үчүн өмүрлүк жар табуу чоң проблемага айланган. Үй-бүлө куруу үмүтүн үзүп койгондор болсо экинчи, үчүнчү аял болуп күйөөгө чыгышат.
Үйлөнгөн эркек менен жүрүү же ага күйөөгө чыгуу жат көрүнүш болбой калган, - дейт Сурайо аттуу аял. Кыздардын ата-энелери деле ага макул болушат.
Кээ бирлер азыркы жагдайдан чыгуу үчүн полигамияны расмий кабыл алууга үндөшүүдө.
Мавжигүл күйөөсү алыс болсо да, анын акча тыйын салып турганына тобо дейт. “Биздин айылда кайсы киреше. Ошол акча менен жан сактайбыз”, - дейт жаш аял.
Кичинекей Хангома болсо аялдамада атасын күтүп отурат. Ал эми апасы ага атасы, балким, быйыл таптакыр келбейт деп кантип айтаарын билбейт.