Кремлдин кабарлашынча, Медведев Индиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүсүндө террорчулук менен күрөшүү маселесине өзгөчө басым жасалат. Өткөн аптада Индиянын Мумбай шаарында террордук чабуулдан 180ге жакын адам мерт болгон. Медведевдин Индияга сапары маалында эки өлкө ортосундагы энергетика, өзөктүк кубат, аскердик-техникалык тармактарында кызматташтык маселеси талкууланары күтүлүүдө.