Социал-демократтар партиясынын парламентке жаңы келген депутаты Кубанычбек Кадыров бүгүн Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматына киришет. Анын ордундагы экс-депутат Рахатбек Ирсалиев 13-ноябрь күнү ишкерлик менен алпурушуу максатында өз эрки менен депутаттык мандатын тапшырган эле.
Жогорку Кеңештин курамында үч саясий партиядан шайланган депутаттар бар. Буга чейин “Ак Жол” партиясынан шайланган депутаттар: Сабырбек Жумабеков менен Керим Турапов өз кесибиндеги ишин улантуу үчүн депутаттык күбөлүктөн баш тартышкан.(ZKo)