Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдовдун маалыматын угууну талап кылды. Депутаттын пикиринде, Кыргызстандын энергетика системасындагы кризис жалпы Борбор Азиянын энергетикалык системасын үзгүлтүккө учуратууга жөндөмдүү. Ошондуктан азыркы мезгилде быйылкы эле эмес, келерки кыштан кандай чыгуунун жолдорун кароо да зарыл. Бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатканын жаңы министр Давыдов айтып берүүгө тийиш.(AiT)