Партиянын лидери Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, ал жетектеген партия активисттери Нарынга эл менен жолугушууга бараткан. Кочкор районунда МАИ кызматкерлери токтотуп, автоунааларды текшерүүго алышкан. Темир Сариев мындай аракеттерди 29-ноябрдагы курултайдан кийинки бийликтин куугунтугу катары баалап, оппозициялык саясатчы бараткан автоунааны артынан аңдуу уланып жатканын кошумчалады.(AiT)