Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Лейлекте Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, Лейлек районунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Курманбек Бакиев андан сырткары Лейлек районунун айрым тургундарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президент ошондой эле жаңы ачылган мектептерде жана спорт комплексинде болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)