Ал автоунааларды алып келип сатып ишкерлик кылгандардын ишине терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу бул багытта иш жүргүзгөн ишкерлер бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бажы төлөмдөрүн көбөйтө турган чечим 10-декабрдан тарта күчүнө кирет. Эгерде азыркы кезде бир автоунаанын бажы төлөмдөрү 500-600 доллар болсо, Бажы кодексине өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин 2500-3000 доллар болуп калат. Бул өз кезегинде автоунаалардын ошончо кымбаттоосуна алып келет. Ишкерлер бул чечимди 2008-жылдын башынан тартып күчкө киргизүүнү бийликтен өтүнүүдө.(AiT)