Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Жалал-Абат облусунда калктын эркин маалымат алуусу кыйындоодо


Бириккен оппозициянын курултайынан Аксы районундагы коомчулук маалыматсыз калды. Курултайдын күн тартиби, анда кабыл алынган чечим-талаптар тууралуу калкта түшүнүк жок. Электр жарыгы тоолуу айылдарда 18 сааттан өчүрүлүүдө, ага калк нааразы болууда. Жарык болбогондуктан курултай жөнүндөгү кабарларды интернеттен көчүрүп алууга жана аны эл арасына таратууга да мүмкүнчүлүк жок. Жыйынды чагылдырган көз карандысыз «Ачык саясат» гезити районго келбей жатат. Эл аралык бейтарап үналгылар облуста көптөн бери уктурулбай калган. Мамлекеттик маалымат каражаттарынан оппозициянын иш-аракеттери жөнүндө эркин маалыматтарды алуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу «Асаба» партиясынын мүчөсү Кубанычбек Маматкеримов билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG