Сүйлөшүүлөр бүгүн Пекинде башталды. Андагы башкы тема – эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алаканын келечеги. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, АКШнын каржы министри Генри Полсон сүйлөшүүлөрдө Кытайды улуттук акчасы юнандын долларга карата курсун көтөрүүгө чакырары күтүлүүдө. Бул, АКШнын пикиринде, эки тараптуу соодадагы чыңалууну басаңдатуу үчүн керек. Ал эми кытай маалымат каражаттарынын жазганына караганда, юандын долларга карата курсунун тез өсүүсү дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизет. Анткени мындан кытай экспортчулары жапа чегип, өлкөдө жумушсуздардын саны өсөт.