Экономикада уланып жаткан рецессиядан чыгуу аракетинде борбордук банктардын кредиттер боюнча үстөк пайызы бир нече жыл ичиндеги эң төмөнкү чекке түшүрүлдү. Маселен Европанын Борбордук банкынын үстөгү 0.75%га азайтылып, эми 2,5% болуп калды. Бул акыркы он жыл ичиндеги эң чоң төмөндөө. Ал эми Англиянын банкы кредиттер боюнча үстөгүн 1%га азайтуу менен 2%га түшүрдү. Бул акыркы 50 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч.