Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Хельсинкиде ЕККУдагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат


Эки күнкү сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Орусия менен Грузиянын ортосунда быйыл августа болгондой жаңжаалдарды кантип алдын алуу маселелерине бурулмакчы. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жыйында өз өлкөсүнүн коопсуздук боюнча жаңы сунуштарын ачыктары күтүлүүдө. Мындан сырткары күн тартибинде Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу-Карабах чатагы да бар.

ЕККУнун тышкы иштер министрлери демократия жаатындагы мүчүлүштүктөрүнө карабай, Казакстан мурдагы советтик республикалар ичинен биринчилерден болуп, 2010-жылы ЕККУ уюмуна төрагалык кыларын ырастары да күтүлүүдө. Жыйындын алгачкы күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев да чыгып сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG