Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Пакистандын жетекчилиги кол салууну иликтөөдө Индияга жардам көргөзүүгө даяр


Пакистандын жетекчилиги Индияга согушкерлер өткөн аптада Мумбай шаарына жасаган кол салууну иликтөөдө жардам көргөзүүгө даяр экенин бүгүн Исламабаддан АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдирди. Ал Пакистан башкаласына Делиден учуп келген эле. АКШ Мамлекеттик катчысынын аймактагы азыркы сапары Индиянын Мумбай шаарында 170ден ашуун киши мерт болгон кандуу окуялар менен байланыштуу. Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин кеңсесинин маалымадаганына караганда, ал АКШ Мамлекеттик катчысына эгер кол салууга пакистандык элементтер аралашкан болсо, катаал чаралар көрүлөрүн убада кылган.

Индия Мумбайдагы кол салуу үчүн Пакистанда жайгашкан "Лашкар –э-Тайба" тобун айыптоодо. АКШнын мамлекеттик катчысы мурдараак Пакистан террорчуларга карата катаал мамилени карманышы керектигин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG