Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Орусиянын Европа коопсуздугу боюнча келишим түзүү демилгеси талкууга алынды


Бул ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин Хелсинкидеги жолугушуусунда болду. Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стуб жолугушууда бул маселе боюнча бир орток чечим кабыл алынбаганын билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысынын экинчи орун басары Мютью Брайза “Рейтер” агенттигине курган маегинде Орусиянын демилгесин ашыкча деп сыпаттап, демилге НАТОну чабал кылуу аракети катары баалады. Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жыйында сөз сүйлөрү күтүлүүдө. Кечээ Хелсинкидеги жыйында август айында орус-грузин чатагынын Европанын коопсуздугуна тийгизген таасири талкууланган.

XS
SM
MD
LG