Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:51

Укук коргоочу Максим Кулешов прокуратурага кайрылды


“Маданият –дүйнө жарыгы” коомдук уюмунун жетекчиси Биринчи Май РИИБнүн кызматкерлерин кызмат абалынан аша чаап кетти, деп айыптоодо. Максим Кулешов тараткан маалыматта айтылгандай 14-октябрда нааразылык акциясы учурунда аталган райондун милициясы укук коргоочуну күч менен кармап, райондук милиция бөлүмүнө жеткирген. Ошондой эле анын буюмдарын жана документтерин да алып коюшкан. “Кийинчерээк сот учурунда мага айрым буюмдарымды кайтарып беришти, бирок паспортум менен укук коргоочулук күбөлүгүмдү алып калышты. Эми документтеримди прокуратура алып берет, деп үмүттөнөм,” дейт укук коргоочу.

Бүгүн “Маданият –дүйнө жарыгы” коомдук уюмунун жетекчисинин үстүнөн сот иши да уланат. Ал 2-декабрь күнү “23 миллион сом жөнүндө” деген аталышта ИИМ алдында өткөргөн нааразылык акциясы боюнча административдик жоопко тартылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG