Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Президент К.Бакиев Курман айт майрамына карата куттуктоо жолдоду


Анда Ислам дининдеги нарктуу салт катары Курман айт ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана кең пейилдүүлүккө чакырары айтылат. Ошондой эле Курман айт мусулмандар үчүн барга топук кылып, жокко чөкпөй, маркумдарга куран түшүрүп, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүүлүгү, улуттар аралык ынтымак менен достукту бекемдеп, мусулмандар үчүн ыйык туткан чыныгы баалуулук катары белгиленген. Куттуктоодо мусулмандык парзын аткаруу максатында касиеттүү Меккеге зыяратка кетишкен кыргызстандыктардын ажылыгы кабыл болуп, ата-журтуна аман-эсен кайтып келишине тилектештигин билдирген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Курман айт Кыргызстанда 8-декабрда белгиленет. (AJ)

XS
SM
MD
LG