Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:30

Токтогул суусу 5-6 жыл сарамжалсыз пайдаланган


Физика-математика илимдеринин доктору Бекташ Илиясовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Токтогул суу сактагычында суунун азайышын аба ырайыга шылтап жатышы чындыкка туура келбейт. Б. Илиясов Токтогул суу сактагычы боюнча 25 жыл изилдөө жүргүзгөнүн, ал изилдөөгө ылайык канчалык кургакчылык болсо да, кирген суу менен чыккан суунун балансы алты айга жетерин айтты. Мындай көрүнүш суу деңгээлинин кескин төмөндөшүнө алып келбейт деген тыянак чыкканын билдирди. Эки жыл кургакчылык болсо да, ээриген мөңгүлөрдүн эсебинен суу көлөмү тогуз миллиард куб метрден төмөн түшүшү мүмкүн эмес, дейт окумуштуу. Ал тогуз менен алты миллиард куб метр суунун ортосу абдан коркунучтуу режим экенин, ушундан улам Токтогул ГЭСин толук кыйрап калышы ыктымалдыгын эскертти. Суу сактагычтагы суунун көлөмүнүн азыркы деңгээли беш-алты жыл сарамжалсыз пайдалануудан келип чыкканын баса белгиледи. Бийликтин суу башкара албаган жоопркерчиликсиз мамилесин айыптап, элди жарыксыз калтырган бир катар аткаминерлер жоопко тартылышы керек, деген пикирин айтты. (EBM)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG