Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

“Азаттык+” “Атуул” долбоорунун жеңүүчүсү болду


“Азаттыктын” жаштар программасы “Азаттык+” “Атуул” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын жаңы каармандары” аттуу долбоорун чагылдырган ММКлар арасындагы сынакта баш байгени жеңип, бир миң төрт жүз АКШ доллары менен сыйланды. Аталган коомдук бирикме ушул жылдын февраль айында Кыргызстанда коомдун жакшы жакка өнүгүшү үчүн барандуу салым кошкон жаш лидерлерди табуу үчүн жаңы демилге баштаган. Натыйжада өлкө боюнча долбоорго жети жүздөй адам катышып, алардын ичинен сегиз каарман тандалып алынган. “Азаттык+” бул демилгени байма-бай үналгыда, сыналгыда чагылдырып, “Азаттык+тун каарманы” аттуу түрмөк ачып, Интернетте, өзүнүн фейсбук баракчасына чагылдырып келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG