Бул тууралуу “Азаттыкка” УТРКнын музыкалык көңүл ачуу программаларынын продюсери Ассоль Молдокаматова билдирди. Анын айтымында, Горькийдин эстелигинин жанында нааразылык акциясын өткөрүп жаткан кызматкерлер Курман айттын алдында аракетин токтотуп, шейшемби күнү улантуу чечимине келишкен. Алар шейшембиде эстеликтин жанында концерт менен коштолгон чоң жыйын өткөрүшүп, коомчулук менен бийликтин көңүлүн талаптарына бурдурган жатат. Ал эми УТРКнын башкы директору Мелис Эшиканов кызматынан кетсин деген талапты колдогон УТРКнын 300 кызматкеринин, коомчулуктун 600дөн ашуун өкүлүнүн колу топтолду деп билдирди Ассоль Молдокматова. Нааразылык акциясына катышып жаткан Жайнагүл Максимованын ден соолугу кечээ кескин начарлап, ага догдурлар жардам беришкен. (BD)