Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Токмоктук укук коргоочу 2000 сомдук айыпка жыгылды


Мындай чечимди кечээ Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ага Токмоктук укук коргоочу Максим Кулешовдун 2005-жылы Улуттук банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн уурдалган 23 миллион сом боюнча тергөөнү кайра жандандыруу талабы менен Ички иштер министрлигинин жанында акция өткөргөнү себеп болду. Укук коргоочу соттун чечимине макул эместигин билдирип, дароо шаардык сотко арыз берди. “Маданияттын жарыгы менен дүйнөсү” деген укук коргоо уюмунун жетекчиси Максим Кулешов “Демократиянын көчө сабактары” деген ат менен мыйзам бузууларга нааразылык билдирген акциялардын түрмөгүн өткөрүп келет.(BD)

XS
SM
MD
LG