Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Оппозиция жаңы жалпы элдик кыймыл түзө турган болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим “Акыйкат үчүн” кыймылына мүчө саясий партия жетекчилери, Коомдук парламенттин өкүлдөрү жана “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков катышкан бугүнкү жыйында кабыл алынды. Жалпы элдик жаңы кыймылдын түзүмү, жобосу менен иштөө механизмдерин аныктай турган жумушчу топ ишке киришти. Ал топ аталган документтерди даярдагандан кийин кыймылдын башкы максаты жана милдети жарыяланат. Аликбек Жекшенкулов жаңы элдик кыймыл тең төрагалар тарабынан башкарылаарын жана бирдиктүү бир лидерди эл өзү тандоосу зарыл экендигин белгиледи. (BD)

XS
SM
MD
LG