Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

И.Масалиев: “Акыйкат үчүн” кыймылынын айрым мүчөлөрүн жазага тартуу керек”


Кыргызстан Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев мындай пикирин “Акыйкат үчүн” кыймылына мүчө саясий күчтөр менен “Жаңы Кыргызстан” партиясы биригип жаңы элдик кыймыл түзүү чечимине байланыштуу билдирди. Анын айтымында, аталган кыймылга кирген мурдагы жогорку мамлекеттик кызматкерлер жүргүзгөн туура эмес саясаттын негизинде Кыргызстан экономикалык сазга батып, ички, тышкы саясатынан аксап жатат. Ошон үчүн Коммунисттер партиясы бул кыймыл менен саясий багыт жагынан кескин айырмалангандыктан кызматташууга барышы күмөн. Ал эми “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Исамил Исаков менен саясий партиялардын кызматташуу тажрыйбасына ылайык мамиле түзүү боюнча пикир алышуулар болду, “бирок бирдиктүү аракет көрүү тууралуу сөз болгон жок,-деди И.Масалиев.(BD)

XS
SM
MD
LG