Орусияда бүгүн православ чиркөөсүнүн жетекчилиги чиркөөнүн башчысынын сөөгүн келерки аптанын шейшемби күнү, 9-декабрда, жерге берүүнү чечти. Чиркөөнү дээрлик 20 жылдан бери жетектеп келген Алексий экинчи жума күнү 79 жаш курагында көз жумган. Алексий экинчи менен коштошуу бүгүн кечинде өтөөрү кабарланды. Орус православ чиркөөсүнүн кезектеги жетекчисинин аты бүгүн кечинде айтылаары күтүлүп жатат.