Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

«Ата Мекен» жана «Адилет» уюмдары Нурадагы дарыгерлерге автоунаа тартуулады


Учурда Алай районунун Нура кыштагында жүргөн Ош облус губернатору Аалы Карашев «Азаттыкка» маалымдашынча, Орусиянын Новосибирск, Екатеринбург шаарларындагы кыргыз мигранттарынан куралган «Ата Мекен» жана «Адилет» коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жер титирөөдөн жапа чеккен кандаштарынын саламатчылыгын такай көзөмөлдөөчү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тоо шартына ылайык, Жип үлгүсүндөгү автоунаа тапшырып кайтышты. Мекендештердин мындай камкордугу климаты катаал айылдын «ак халатчандарынын» түйшүгүн кыйла жеңилдетти. «Ата Мекен» фондунун башчысы Камбар Пусуров Орусиянын башка аймактарынан да каражат топтолуп жаткандыгын, ал акчалар атайын эсепке которулбастан, нуралыктардын орчундуу муктаждыктарын канаттандырууга жумшалаарын кошумчалады. (ATo)

XS
SM
MD
LG