Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

“Жаңы Кыргызстан” “Акыйкат үчүн” кыймылына биригүүнү талкуулайт


Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, келаткан жумада “Акыйкат үчүн” кыймылынан бекитилген өкүлдөр “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Исмаил Исаков менен жолугушуп, биригүүнүн жол-жобосун талкуулап, мындан аркы аракеттердин бирдиктүү концепциясын иштеп чыгышмакчы. Эскерте кетсек, мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков 11-октябрда өз каалоосу менен кызматынан чегинип, “Жаңы Кыргызстан” партиясын жетектөөнү колго алып, бийлик саясатын сынга ала баштаган. Андан соң бул партиянын эле эмес өлкөдөгү дагы бир маанилүү фигуралардын бири, соңку кездери президенттин кеңешчиси болуп турган Үсөн Сыдыков да кызматынан чегинди. (IJz)

XS
SM
MD
LG