Улуттар уюмунун өзөктүк иштер агенттиги – МАГАТЭнин- башчысы Мухаммед Эл-Барадей Ирандын өзөктүк дымагын басаңдатууга багытталган АКШнын жана эларалык коомчулуктун аракеттери “ийгиликке алып келген жок” деп эсептейт. Ал бул тууралуу “Los Angeles Times” гезитиндеги маегинде айтты. Тегеран уран байытууну токтотушу үчүн Улуттар уюму үч ирет ага каршы санкцияларды киргизген. Бирок, Эл-Барадейдин пикиринде, мунун баары Ирандын позициясын мурдагыдан да күчтөндүргөн өңдүү.