Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 00:37

Кытайдагы мамлекеттик ММК Николя Саркозини айыптап чыкты


Кытайдагы мамлекеттик маалымат каражаттары француз президенти Николя Саркозини Тибеттин руханий лидери Далай Лама менен көрүшкөнү үчүн айыптап чыгышты. Саркози Далай Лама менен ишембиде Польшада көрүшкөн. Кытайлыктар Саркозинин кадамын кытайлардын намысына шек келтире турган аракет деп, бул кытай-француз мамилелерине да терс таасир этет дешти. Кытай Тибетти өзүнүн аймагынын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт жана Далай Ламаны сепаратист деп айыптайт.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG