Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Оппозициячыл саясатчылар АКШга жол тартышты


Бүгүн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана бул партиянын мүчөсү Эркин Алымбеков, “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов, “Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков АКШга сапар алышты. Ал жерден “Ата Мекендин” мүчөсү Болот Шерниязов, Өмүрбек Абдырахманов, АКШда окууда жүргөн Равшан Жээнбеков дагы кошулат, деп билдирди Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка". Анын айтымында, алар “Ата Мекен” партиясынын АКШдагы саясий бюросунда жолугушуу өткөрүп, 19-декабрда кыргызстандыктар менен жыйын курушат. Ошондой эле “конгресстин депутаттары, АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен да жолугушуу болжолдонуп, бириккен оппозиция сунуштап жаткан саясий концепция тууралуу Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде жана Карнеги борборунда лекция окуйбуз”,- дейт Ө.Текебаев. Оппозициячылардын иш сапары 2 жумага созулушу күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG