Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Мумбай террорчулары Пакистан аймагын колдонгон


АКШ Мамлекеттик катчысы Мумбайдагы чабуулду уюштуруу үчүн террорчулар Пакистан аймагын колдонгон деп билдирди. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын айтымында, Пакистанда жайгашкан жана анын өкмөтүнө тийешеси жок террорчу күчтөр өткөн айдагы Индиянын Мумбай шаарындагы ири террордук чабуулду уюштуруу үчүн Пакистандын аймагын колдонгон. Бул тууралуу Райс айым АКШ сыналгы каналына жекшембиде билдирди. Райс Пакистан өкмөтүн террордун шыкакчыларын таап, адилет жазага тартууга чакырды.

XS
SM
MD
LG