Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Арменияда 20 жыл мурда болгон зилзаланын курмандыктарын эскеришүүдө


25 миң адамдын өмүрүн алып кеткен зилзаланын курмандыктарын эскерүү жөрөлгөсүнө өлкө башчысы Серж Саркисян баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. 1988-жылы түшкү саат 11:41де күчү жети баллга жеткен зилзаладан Спитак, Гүмри шаарлары жабыркап, бир нече кыштактар жер менен жексен болгон. Натыйжада 25 миң адам набыт болуп, он миңдеген киши жаракат алып, жүз миңдегени турак-жайсыз калган. Ушул күнгө чейин жети миңге жакын адам жаңы турак-жай күтүп, вагондордо баш калкалап келет.

XS
SM
MD
LG