Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Тегеранда студенттер М. Ахмадинежаддын саясатына каршы акция өткөрүштү


Иранда үч миңге жакын студент президент Махмуд Ахмадинежаддын саясатына каршылыгын билдирип, нааразылык акциясын өткөрүштү. Акция Студенттер күнүнө карата Тегеран университетинин аймагында өткөрүлдү. Нааразылык акциясы учурунда жүздөгөн башка студенттер демонстранттарга кошулуу үчүн университеттин дарбазаларын ачууга аракет жасаганда аны талкалашканы кабарланууда. Өлкөнүн расмий басма сөз каражаттары акциянын катышуучуларын окуу жайдын мүлкүнө доо кетирди деп айыптап чыгышты. Либералдык көз караштагы студенттер президент Ахмадинежадды адам укугун одоно бузууда деп сынга алышты.

XS
SM
MD
LG